БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкекте эки автокөлүк кагышып, андан эки адам жабыркады. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ал эми автокырсыктын видеосун Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Өзүнө келе элек, бирок кичине жылыш бар. Асел Кадырбекованын абалы айтылды
Кадрдан автоунаалардын бири жолдон чыгып, аңтарылып жаткандыгын көрүүгө болот.
"Кырсык болжол менен кечки саат жетилерде Байтик баатыр — Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. BMW менен Toyota Ist кагышкан. Анын кесепетинен эки адам жаракат алган, алардын бири аял экени белгилүү болду. Тез жардам аларды Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Автоунаалар айып коргоого токтотулуп, кырсыктын себеби такталып жатканы айтылды.