БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек Маркабаевич изделип жатканын Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Өспүрүм Аламүдүн районундагы Өскөн-Ордо жаңы конушунда жашайт. Ал ушул жылдын 14-июнунда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиДайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек
Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, сөөктүү, чачы кара, кыска, кой көз, мурду түз. Ошондой эле оң далысы менен колунда күйүктөн калган тырык бар. Бала кара футболка, жашыл спорттук шым, кара кепка жана бутуна жеңил бут кийим кийип чыккан.
Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты
Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерге кабарлап коюуну өтүнөт:
- Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;
- Аламүдүн РИИБ — (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, (0709) 21-18-08, (0550) 34-33-63, (0778) 00-09-99 (издөө тобу).