БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкекте ысык суу 1-июлда эмес, эки күн эрте, тагыраагы, 29-июнда берилмей болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, ысык суу 1-июнда түтүктөрдү оңдоо жана келерки жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн бир айга (1-июлга чейин) өчүрүлгөн болчу.
"Дүйшөмбүдөн тарта "Бишкек жылуулук" ишканасы үйлөрдү ысык суу менен камсыздоого киришет. Ага туташуу үч-төрт күндүн ичинде жүргүзүлөт. Биринчи кезекте ысык суу бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объектилерге берилмекчи", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле биринчи күндөн тарта ысык суу берген экинчи ишкана — "Бишкек жылуулук энерго" иштей баштаары кошумчаланды.