БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 250 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
- Бишкек шаары – 105;
- Чүй облусу - 61;
- Ош шаары - 47;
- Ош облусу - 19;
- Нарын облусу - 1;
- Жалал-Абад облусу - 12;
- Ысык-Көл облусу - 2;
- Талас облусу - 1;
- Баткен облусу - 2.
Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. Оорудан 43 киши каза тапты.
Азыркы тапта стационарларда 633 киши дарыланууда, анын 12си реанимацияда. 1 366 бейтап үй карантининде, аларда оорунун симптомдору жок. Акыркы маалымат боюнча 2 162 киши ооруканадан чыгарылды.