Тогуз-Тородо коронавирустан 49 жаштагы аял каза тапты

© REUTERS / Maxim ShemetovШаардык оорукананын медициналык кызматкерлери. Архив
Шаардык оорукананын медициналык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус жугузуп алып каза тапкандардын саны ушуну менен Кыргызстанда 43кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү вирус жуккан соң башка өнөкөт оорулары күчөп кеткендер.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган бир аял каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Кечээ Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 49 жаштагы аял каза болду“, — деди Каратаев.

Вирус жугузуп алып каза тапкандардын саны ушуну менен Кыргызстанда 43кө жетти.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан  таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0