Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад
 Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Москвада жылдын маанилүү окуяларынын бири болгон Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өткөрүлдү. Sputnik Кыргызстан салтанаттын маанилүү учурларынын топтомун сунуштайт.

Советтик өлкөлөрдүн баарында Жеңиш парадынын өзгөчө орду бар. Согуштан кийин аскердик бул салтанаттар мааракелик жылдары гана болсо, 1995-жылдан тарта жыл сайын өткөрүү салтка айланган.

Быйыл тарыхта биринчи жолу мааракелик парад эң алгачкы жүрүш өткөн күнгө туш келип отурат. Мындан туура 75 жыл илгери, тагыраагы, 1945-жылы 24-июнда Москва убактысы боюнча саат 10.00дө (Бишкек убактысы 13.00) жеңиштин урматына аскердик парад өткөн эле.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүү Мындан туура 75 жыл илгери, тагыраагы, 1945-жылы 24-июнда Москва убактысы боюнча саат 10.00дө жеңиштин урматына аскердик парад өткөн эле
Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому - Sputnik Кыргызстан
Мындан туура 75 жыл илгери, тагыраагы, 1945-жылы 24-июнда Москва убактысы боюнча саат 10.00дө жеңиштин урматына аскердик парад өткөн эле

Бүгүн эл экран аркылуу иш-чаранын негизги бөлүгүн эле эмес, башталганга чейинки учурларды дагы көрө алышты. Себеби трансляция белгиленген убакыттан жарым саат мурда башталган. Иш-чара расмий ачылгандан кийин 75 жыл мурда бир муштум болуп биригип, душмандын мизин кайтарган өлкөлөрдүн башчылары Кремлге катарлаш басып келе баштады. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы болду. Бул ирет ал биринчи жолу бет кап тагынып коомчулукка чыкты. Андан соң мамлекет башчыны түз эфирден көрүүгө мүмкүн болгон жок. Жээнбековдон башка президенттердин баары чогулуп трибунага жөнөгөндө, кыргызстандыктар мамлекет башчынын караанын издеп таба алышкан жок. "Азыр көрүнсө керек" деген үмүт менен экранды акмалап отурушту.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүДушмандын мизин кайтарган өлкөлөрдүн башчылары Кремлге катарлаш басып келе баштады. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы болду. Бул ирет ал биринчи жолу бет кап тагынып коомчулукка чыкты
Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому - Sputnik Кыргызстан
Душмандын мизин кайтарган өлкөлөрдүн башчылары Кремлге катарлаш басып келе баштады. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков дагы болду. Бул ирет ал биринчи жолу бет кап тагынып коомчулукка чыкты

Мамлекеттин башчылары ардагерлер менен учурашып, алар менен аралаша отурушту.

Туура саат 13.00дө аскердик музыканын коштоосунда салтанат башталды. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Aurus үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кызыл аянтка келип, парадга тизилгендерди Жеңиш күнү менен куттуктады. Андан соң Шойгу башкы кол башчы Владимир Путинге кайрылып, парадга даяр экени туурасында маалымат берди.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүРоссиянын коргоо министри Сергей Шойгу Aurus үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кызыл аянтка келип, парадга тизилгендерди Жеңиш күнү менен куттуктады
Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому - Sputnik Кыргызстан
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Aurus үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кызыл аянтка келип, парадга тизилгендерди Жеңиш күнү менен куттуктады

Башкы трибунага Путин чыгып сөз сүйлөдү, ал сөзүн жыйынтыктаары менен пушкалар атылды.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүБашкы трибунага Путин чыгып сөз сүйлөдү, ал сөзүн жыйынтыктаары менен пушкалар атылды
Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому - Sputnik Кыргызстан
Башкы трибунага Путин чыгып сөз сүйлөдү, ал сөзүн жыйынтыктаары менен пушкалар атылды

Ошентип жүрүш башталды да, эң биринчи Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кийилген форма менен аскерлер, согуш маалындагы дивизиянын байрагын көтөрүп чыгышты. Алардын артынан фашисттерди биргеликте жеңген өлкөлөрдүн жоокерлери параддан өтүштү.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүЖүрүштө эң биринчи Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кийилген форма менен аскерлер, согуш маалындагы дивизиянын байрагын көтөрүп чыгышты
Мекендештер Жээнбековду издеп... Жеңиш парадындагы маанилүү учурлардын топтому - Sputnik Кыргызстан
Жүрүштө эң биринчи Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кийилген форма менен аскерлер, согуш маалындагы дивизиянын байрагын көтөрүп чыгышты

Ар бир мамлекеттин аскерлери чыгып жатканда экрандан алардын президенттерин көрсөтүп жатты. Кыргызстандыктар ушул учурда чоң үмүт менен Сооронбай Жээнбековду күтүштү, бирок мында дагы ал кадрдан көрүнгөн жок. Ал арада социалдык тармактарда бүдөмүк ойлор талкуунун башкы темасына айланып кетти.

Бир нече көз ирмемден кийин иштин чоо-жайы белгилүү болду. Көрсө, мамлекет башчыны коштоп барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталыптыр. Буга байланыштуу Жээнбеков парадга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алган экен.

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүЗнаменная группа во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
Военный парад в ознаменование 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан
1/6
Знаменная группа во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
© Sputnik / Host photo agency / Sergey Pyatakov / Медиабанкка өтүүПарадный расчет армии КНР во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
Парадный расчет армии КНР во время военного парада Победы в Москве - Sputnik Кыргызстан
2/6
Парадный расчет армии КНР во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
© Sputnik / Host photo agency / Ilya Pitalev / Медиабанкка өтүүЮнармейцы во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
Юнармейцы во время военного парада Победы на Красной площади - Sputnik Кыргызстан
3/6
Юнармейцы во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
© Sputnik / Host photo agency / Evgeny Biyatov / Медиабанкка өтүүТанки Т-34-85 во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
Танки Т-34-85 во время военного парада Победы на Красной площади - Sputnik Кыргызстан
4/6
Танки Т-34-85 во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
© Sputnik / Host photo agency / Alexey Maishev / Медиабанкка өтүүМногоцелевые вертолеты Ми-8 во время воздушной части военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в Москве.
Многоцелевые вертолеты Ми-8 во время воздушной части военного парада Победы - Sputnik Кыргызстан
5/6
Многоцелевые вертолеты Ми-8 во время воздушной части военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в Москве.
© Sputnik / Host photo agency / Vladimir Pesnya / Медиабанкка өтүүШтурмовики Су-25 во время воздушной части военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в Москве.
Штурмовики Су-25 во время воздушной части военного парада Победы - Sputnik Кыргызстан
6/6
Штурмовики Су-25 во время воздушной части военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в Москве.
1/6
Знаменная группа во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
2/6
Парадный расчет армии КНР во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
3/6
Юнармейцы во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
4/6
Танки Т-34-85 во время военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов на Красной площади в Москве.
5/6
Многоцелевые вертолеты Ми-8 во время воздушной части военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в Москве.
6/6
Штурмовики Су-25 во время воздушной части военного парада в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов в Москве.

Москвадагы аскердик парадга Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты. Кыргыз жоокерлерин КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун начальниги, полковник Бекказы Түмөнбаев алып өттү. Чет элдиктердин жүрүшүн Өзбекстандын аскерлери жыйынтыктады. Андан соң Кызыл аянтта Россиянын аскердик техникалары гүүлдөгөн добуш менен жерди титирете кирди.

Техникалардын жердеги жүрүшүн легендарлуу Т-34 танкы жана башка Улуу Ата Мекендик согушта колдонулган техникалар жол баштады. Анын артынан учурдагы заманбап техникаларды көрсөтүштү. Жалпысынан 234 транспорт параддан өттү, анын ичинен 24ү биринчи жолу коомчулукка көрсөтүлдү. Ал эми абадан 75 аскердик кубаттуу, тез жүргөн самолёт жана тик учак өттү.

Парад бир саат он беш мүнөткө созулду. Аягында Путин парадга катышкан аскерлердин кол башчыларына ыраазычылык билдирди.

Салтанат жыйынтыкталган соң Путин жана чакырылган коноктор – чет өлкөлүк лидерлер белгисиз жоокердин Кремль дубалындагы күмбөзүнө гүлчамбар койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0