Военный парад в ознаменование 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан

Москванын Кызыл аянтындагы Жеңиш парады. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад Кызыл аянтта өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан коноктор чакырылган. Парадды Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы командири Олег Салюков башкармакчы.

Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки биринчи парад 1945-жылдын 24-июнунда Москвадагы Кызыл аянтта өткөн. Аталган парад Советтер Союзунун маршалдары Георгий Жуков менен Константин Рокоссовскийдин жетегинде болгон.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:32 24.06.2020
14:30 24.06.2020
14:26 24.06.2020
14:20 24.06.2020
14:15 24.06.2020

Коронавирус президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен  дагы бир күзөт кызматынын өкүлүнөн табылды.

  

14:05 24.06.2020
14:00 24.06.2020
13:53 24.06.2020

Москвага президент менен чогуу баргандардан коронавирус табылгандыктан, Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай коюуну чечти. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

 Президенттин автоунаадан бет капчан түшкөнү көрсөтүлгөн, бирок андан кийин Владимир Путин башка өлкө башчыларды тосуп алып жатканда Жээнбеков көрүнгөн жок.

Белгилей кетсек, ушул тапта Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат.

 

 

13:44 24.06.2020
Президент РФ В. Путин принял участие в военном параде в ознаменование 75-летия Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан
13:42 24.06.2020

 Кызыл Аянттагы аскердик парадга Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты.  Жоокерлерди полковник Бекказы Түмөнбаев алып өттү. 

13:31 24.06.2020
Военный парад в ознаменование 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан
13:22 24.06.2020

"Муну унутпайбыз, эстейбиз. Нацисттерди совет эли кулатты, алар Советтер союзунун республикаларынан чыккан ар кыл улуттагы миллиондогон адамдар эле", - деди Путин. 

13:16 24.06.2020
13:15 24.06.2020
13:11 24.06.2020

Парадды Россииянын Коргонуу министри Сергей Шойгу кабыл алууда. Парадды Кургактагы аскерлердин башчысы, армиянын генералы Олег Салюков башкарып жатат. 

 

13:07 24.06.2020
Военный парад в ознаменование 75-летия Победы - Sputnik Кыргызстан
13:02 24.06.2020

Айтмакчы, тууну Рейхстагга Михаил Егоров менен Мелитон Кантария  сайган жана туу сайылып жаткан маалда батальонду  Степан Неустроев коргоп турган. 

 

12:57 24.06.2020

Кызыл аянттан кылкылдаган катар тизилген жоокерлерди, конокторду, көзүн аскерлерден албай тиктеп отурган ардагерлерди көрүүгө болот. Азыр аянт тыптынч. 

12:56 24.06.2020
12:54 24.06.2020

Путин Кызыл аянтта ардагерлер менен кол алышып учурашып жатат. Бул парад  согушту басып өткөн ардагерлер үчүн дагы маанилүү учурлардын бири. 

12:50 24.06.2020
Парад Победы на Красной площади 24 июня 1945 года - Sputnik Кыргызстан
12:46 24.06.2020

Чакырылган коноктор - өлкөлөрдүн президенттери келип түшүүдө. Алардын айдоочуларынын бет капчан жана кол капчан экендигин байкоого болот

12:45 24.06.2020

Бул мүнөттөрдө Россия лидери, парад ээси Владимир Путин келген конокторду кабыл алып жатат.

12:40 24.06.2020

Аны Советтер Союзунун маршалы, 1-Беларусь фронтунун командачысы, Жогорку башкы командачынын орун басары Георгий Жуков кабыл алган. Ал эми парадды Советтер Союзунун маршалы, 2-Беларусь фронтунун командачысы Константин Рокоссовский башкарган.

 

Парад Победы. Маршал Советского Союза Георгий Жуков принимает парад. Москва. Красная площадь. 24 июня 1945 года  - Sputnik Кыргызстан
12:40 24.06.2020

Кызыл аянттагы парадга 13 миңден ашык аскер катышып, 234 заманбап жана аскер техникасы тартылары айтылды.

 

12:36 24.06.2020
12:34 24.06.2020

Парадга Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен делегация барган. Кыргызстандык делегацияны президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0