Сүлүктүдөгү шахтада төрт адам газга ууланып каза болду

Жазылуу
Окуя 23-июнь күнү болгон. Көз жумгандардын бири 19 жашта болсо, калгандары 37, 73, 34 курактагы жарандар экени маалымдалды.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Кенчилер-Береке" шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 23-июнь күнү болгон.

"Кенчилер-Береке" шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон. Алардын сөөгүн шахтадан ӨКМ кызматкерлери алып чыгып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен", — деп айтылат маалыматта.

Көз жумгандардын бири 19 жашта болсо, калгандары 37, 73, 34 курактагы жарандар экени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0