БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн бир нече сааттын ичинде 24 мыйзам долбоорун карап, жактырып коюшту. Бул тууралуу Twitter баракчасына эл өкүлү Дастан Бекешев жазды.
24 законопроекта рассмотрены и одобрены до обеда. Без ТВ и прямой трансляции мало кому хотелось выступать.
— Дастан Бекешев (@bekeshev) June 24, 2020
"Түшкө чейин 24 мыйзам долбоору каралып, жактырылды. ТВ, түз эфирсиз көбүнүн чыгып сүйлөгүсү келген жок", — деп жазган Бекешев.
Эскерте кетсек, депутаттардын жыйыны дистанттык түрдө өтүп жатат. Себеби эки эл өкүлүнөн жана ЖК аппаратынын үч кызматкеринен коронавирус табылган. Парламенттин маалымат кызматы да аралыктан иштөөгө өттү.