Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМин-Куш айылы, Жумгал району, Нарын облусу. Архив
Мин-Куш айылы, Жумгал району, Нарын облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-июнда түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын тоолуу аймактарында жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+34, Талас жергесинде +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24 жана Нарын аймагында +18…+23 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +33...+35 жана Чолпон-Атада +21...+23 градус болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0