Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
23-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. 23-июнь, шейшемби күнү, өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас жергесинде +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27 жана Нарын аймагында +20…+25 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...=35, Ош шаарында +34...+36 жана Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0