Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
22-июнда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +24...+29 жана Нарын жергесинде +23...+28 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте +34...+36, Ошто +36...+38 градуска чейин ысык болсо, Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +26...+28 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0