Батышта "расисттердин гезитин" жабууну талап кылышууда. Россияга коюлган кине

© AFP / BEN STANSALLГазета Guardian
Газета Guardian - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыш өлкөлөрүнүн колониялык өтмүшү менен күрөшүүнүн алкагында демилгечи топ британдык күн сайын чыгуучу The Guardian гезитинин жабылышын талап кылууда.

Бир-эки күн мурун эле жарыяланган петиция эмитен эле 20 миң кол топтоп койду. Басылманын жабылышын талап этүү акылга сыярлык. Бул демилге жана дүйнөдөгү белдүү, тарыхы бай гезитке байланыштуу макала РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Адегенде Manchester Guardian деген аталышта чыккан бул гезит пахта сатуу менен бутуна турган Жон Эдвард Тейлор тарабынан 1821-жылы түптөлгөн. Пахтаны дээрлик жүз пайыз плантацияларда иштеген кулдар терген. Негиздөөчүсүнүн көзү өткөндөн кийин деле газета кулчулукту активдүү колдоп, ал түгүл америкалык аболиционист президент Авраам Линкольнго каршы чыккан. Мисалы, "бул киши президенттикке шайланган 1862-жылдын 10-октябры ошол эле учурда Америка жана бүтүндөй дүйнө үчүн кара күн болуп калды" деп билдирген.

Совместное российско-турецкое патрулирование участка трассы М-4 в зоне Идлиб - Sputnik Кыргызстан
Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү
…The Guardian басылмасынын өтмүшкө каршы күрөштө эң радикалдуу ыкмаларды катуу колдогон британ солчулдарынын негизги "медиа замбиректеринин" бири болуп саналганы да жанга баткан келеке. Эске салсак, бул күрөштүн алкагында бир нече Колумбдун, белгилүү британ кайрымдуу өкүлдөрүнүн постаменттери ыргып, Бельгиянын королу Леопольд IIнин ат үстүндө коюлган монументи, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин урматына колодон орнотулган Уинстон Черчиллдин салыштырмалуу жакында эле ачылган эстелиги да бузулуп, эл көзүнөн далдаланды.

Бул дагы эч нерсе эмес, анткени өткөндө эле Лондон шаарынын мэри Садик Хан "Коомдук мейкиндиктеги ар түрдүүлүк боюнча комиссияны" түзүп, ал ишке киришти. Анын функцияларына кул сатуудан пайда тапкан тарыхый натуура каармандардын статуяларын аныктоо анын функцияларына кирет. Айтмакчы, алардын арасында беш британ монархынын, тагыраагы, төмөндө аталгандардын да эстеликтери бар:

  • Карл II (эки статуя);
  • Иаков II;
  • Вильгельм III (эки статуя);
  • Анна ханыша (эки статуя);
  • Георг I.

Жалпысынан, тарыхый акыйкаттыктын башаламандыгына кыжыры кайнаган англиялык консерваторлор какшыктуу чара катары The Guardian басылмасын жабуу үчүн петицияны башташкан. Газетаны жабууга алы жетпей турганы түшүнүктүү, бирок алар жок эле дегенде өздөрүнүн либералдык-солчул оппоненттерине өтмүш баарынын башында бар экенин, тарыхты, анан калса чагыбыздагы агрессивдүү идеологиялардын ченеми менен жазага тартуунун кажети жоктугун көрсөткүлөрү келди. Бирок мындан майнап чыкпай турганы анык. Мында эң оболу унутта калтырган бир нерсени түшүнүп алган жакшы.

Совместные учения войск НАТО Trident Juncture 2018 в Норвегии - Sputnik Кыргызстан
"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?
Америка Кошмо Штаттарына жана алардын бир нече кылым мурун кул күчү катары алып келинген ынды кара калкы менен болгон карт тарыхына гана тиешелүүдөй көрүнгөн Black Lives Matter менен болгон окуя Европага, алтургай Австралияга чейин ыксыз жерден эле таралган жок. Болушунча иштелип чыккан идеологияга жатат. Ал өзүнө расалык же диний азчылыкты гана эмес, диний жана сексуалдык, ошондой эле каалаган-каалабаганына карабай аялдардын, майыптардын баары (арасында акыл саламаттыгы бузулган жарандар да айрыкча айырмаланат), дегеле басмырлангандар катары аныкталган "калктын бардык топтору" да камтылат.

Адатта теңсиздикке каршы күрөш деп аталган бул идеология абалкы, мурдагы кылымдарда түптөлгөн социалдык иерархия маңызында бүт дүйнөдө жаңылыш жана адилетсиз болгонун боолголойт. Бул демилге акылга сыйбас, адамзаттын бүт тарыхын гана эмес, биологиялык реалдуулукту да жокко чыгарат. Ошондуктан The Guardian газетасына башынан бери түштүктүк-кул ээлери болуп келгендердин мурдагы партиясы болгон АКШнын демократтарынан башка коркунуч туулбайт. Ал эми "адилеттүүлүктүн көзөмөлдөө топтомунун ээлери" Теңдиктин душмандыгына дайындалчуларга кыйын эле болот. Алардын баары эле маргинал эмес экенин белгилеп кеткен оң. Айрымдар мамлекеттик каржылоосунда отуруп, "дайым каршы чыкчулар" жана "прогрессивдүү лоялисттер" катары иш алып барышат. Башкача айтканда, системалуу иш алып барбаган оппозиция – жакшы эмес экенин моюнга алып, бирок ар түрдүүлүгү чексиз азчылыктын укуктарын тезинен киргизүүнү талап кылышат.

Айтор, эмгекчилерге карата социалдык адилеттүүлүк жөнүндөгү көндүм көз карашты "азчылыктар үчүн акыйкаттык" идеологиясы, башкача айтканда, азыркы маргиналдык катмардын, анын ичинде гейлер гана тургай, баңгилердин, эки жыныстагы тең сойкулук менен шугулдангандардын жана башкаларды коргоо жана жеңилдиктери менен алмаштыруу алардын милдети болуп саналат. Мындай көрүнүштөр мамлекет жана коом үчүн абдан кооптуу. Андыктан мындай толкун башка өлкөлөрдү, анын ичинде Россияны кыйгап өтөт деп үмүттөнгөн болбойт. Эгер андайга жол берсек, баары болушу мүмкүн. Айтмакчы, РФти кечээ жакында эле расизмге да айыптап чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0