00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан

Депутаттар Бороновдун өкмөтүн бекитип жатат. Тексттик трансляция

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамын карап жатат. Бул курамды кечээ көпчүлүк коалиция жактырган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов премьер-министрликке көрсөтүлдү. Анын ордуна экс-депутат, "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Алмазбек Баатырбеков сунушталды.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:15 17.06.2020

Жогорку Кеңештин 105 депутаты Бороновго жана анын өкмөтүнө "макул" деген добуш берип, экөө каршы чыкты.

Андан соң Боронов эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнү өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга жана элдин жыргалчылыгы үчүн бар күчүн жумшап иштөөгө убада берди. 

Парламенттен колдоо тапкан өкмөттү кызматка дайындоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы чыккандан кийин расмий түрдө кызматка кирешет.

 

 

13:13 17.06.2020
13:08 17.06.2020
12:38 17.06.2020

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы каралып жатканда депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбеков айтыша кетти.

Алгач Жолдошбаев өкмөттүн курамына берилчү суроо-жоопту саат 13.00гө чейин бүтүрүүнү сунуштаган.

"Коронавирус бүгүн 10 адамга аз чыгыптыр, Кубатбек Айылчиевич эртерээк барып ушулар менен алектенип иштесин да. Мүмкүн болсо түшкө чейин карап бүтүрсөк. Депутаттар мага келип "ушуну айтып коюңузчу" деп суранды. Карала турган мыйзам долбоорлору толтура", — деди Жолдошбаев.
Андан соң Момбеков чыгып ачууланып, кайсы депутат андан суранып жатканын айтууну талап кылды.

 


 

11:07 17.06.2020

Депутат Төрөбай Зулпукаров премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов менен биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн Алмазбек Баатырбековдон парламенттик шайлоо тууралуу сурады.

Депутат “шайлоодо бир дагы партияга тарпай иштей аласыздарбы?” деген суроо узатты.

“Кечээ коалиция бизге ишеним көрсөткөндөн кийин президенттин кабыл алуусунда болдук. Сооронбай Шариповичтин дагы биринчи талабы ушундай. “Акыйкат, элдин баары ынангандай таза шайлоону өткөрүү өкмөттүн негизги тапшырмасы” деп белгиледи. Биздин ага эркибиз жетет, буга чейин да ушундай штабдарда иштеп келгенбиз. Аны жасоого мүмкүнчүлүгүбүз бар”,  — деди Боронов.

Ал эми Баатырбеков буга чейинки эки шайлоодо нааразычылыктар болгонун белгилеп, мында андай мүчүлүштүктөрдү кетирбөөгө убада берди. Ошондой эле таза шайлоону өткөрүүгө бар күчүн жумшай турганын кошумчалады. 

11:04 17.06.2020

Депутат Дастан Бекешев Кубатбек Бороновго премьер-министр болуп калса, тойлорго көп барбай иштөөнү сунуштады.

Учурда парламент жалпы жыйында Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын карап жатат.

"Сиз азыр премьер-министр болгону турасыз. Жоопкерчиликти сезип жатасыз да, туурабы? Мурункудай тойлорго катышпай иштесеңиз. "Биздин тойго катышты, самса жеди" деген сөздөрдү укпайлы. Премьер-министрлик өтө маанилүү кызмат", — деди Бекешев.


 

09:54 17.06.2020

Премьер-министрликке Кубатбек Боронов көрсөтүлөт;

Биринчи вице-премьерликке экс-депутат, "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Алмазбек Баатырбеков сунушталды;

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыевдин ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы статс-катчысы Таалайбек Темиралиевдин талапкерлиги каралууда;

Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин жетекчиси Дастан Догоевдин ордуна Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү.

Өкмөттүн калган мүчөлөрү өзгөрүүсүз калды.

09:44 17.06.2020

Боронов учурда кыргыз өкмөтүнүн программасын жана жаңы курам боюнча маалымат  берип жатат.

Отставкага кеткен Абылгазиевдин ишине ийгилик каалады.

09:44 17.06.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0