Бороновго премьер-министрдин милдетин аткаруу жүктөлдү. Президенттин Жарлыгы

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов. Архив
Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевди берген арызына ылайык премьер-министрлик кызматынан бошотту.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кубатбек Бороновго премьер-министрдин милдетин аткаруу жүктөлдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, премьер-министрдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Бороновго өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткаруу жүктөлдү", — деп жазылган маалыматта.

Кечээ, 16-июнда, парламенттеги көпчүлүк коалиция Бороновдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына карап, колдогон. Бүгүн анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин карай турганы күтүлүүдө.

Ушул эле Жарлык менен Мухаммедкалый Абылгазиев берген арызына ылайык премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0