00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Страны ШОС до сих пор плохо знают друг друга — эксперт о барьерах для инвестиций
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү индустрияга салыктык жеңилдиктер кандай максатта берилип жатат?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов. Архив
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлиги өкмөт башчы кызматына сунушталууда. Ал бул кызматта эки жылдан ашык иштеди. Муну менен Абылгазиев кураган өкмөттө аягына чейин турган экинин бири болуп калды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу фактыларды сунуштайт.

Алайдын кулуну

Кубатбек Боронов 1964-жылы 15-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылында туулган. Бирок ата-энесинин түпкү теги Алай районунан, мындан улам 4-классында Алайга көчүп кетип, окууну ошол жактан аяктаган. Атасы совхоздун жетекчиси болгондуктан, Боронов окуучулук кезинен эле тоют цехинде иштеп, таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салып иштегенин буга чейин маек берип жатып айткан эле. Армияда да кызмат өтөгөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлиги өкмөт башчы кызматына сунушталууда
Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлиги өкмөт башчы кызматына сунушталууда

Куруучулук иши жана бизнеси

Кесиби боюнча инженер-куруучу. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Айыл чарба курулуш факультетин аяктап, эмгек жолун "Фрунзекурулуштун" СМУ-9 трестинде таш тизгич болуп баштаган. Кийин жыгач иштетүүчү заводдун жетекчилигине чейин жеткен. Бирок СССР ураганда жумуш токтоп, бизнеске өтүп кеткен. Достору менен пахта сатуучу чакан ишкана ачып, беш жыл иштеткен.

Ээрге бекем отурган аткаминер

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2005-жылы Жарандык коргонуунун шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп келген. Мекемедеги реформадан кийин ал кызмат жоюлуп, аймактар аралык башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп калган. Улам бир тепкичке көтөрүлүп отуруп, 2011-жылдын декабрь айынан тарта аталган министрликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган. Министр болуп жети жылдай иштеди.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБоронов улам бир тепкичке көтөрүлүп отуруп, 2011-жылдын декабрь айынан тарта аталган министрликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган. Министр болуп жети жылдай иштеди
Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Боронов улам бир тепкичке көтөрүлүп отуруп, 2011-жылдын декабрь айынан тарта аталган министрликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган. Министр болуп жети жылдай иштеди

2018-жылдын апрель айында Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү менен келип, биринчи-вице-премьерликке дайындалган. Ал өкмөттүн курамы алмашып отуруп, бүгүнкү күндө "эскилерден" ички иштер министри Кашкар Жунушалиев экөө эле калган.

Матараимовдор иш-чарасы, эшек окуясы

Биринчи вице-премьер кезинде бир тууган Матраимовдордун Кара-Суудагы иш-чарасына барганы коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Себеби ошол учурда Райым Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып, өкмөт менен соттошуп жаткан эле.

Бороновдун "айылдагы той-аштарга мурда ат, эшек менен келишчү. Азыр эшек минген бирөөнү дагы көрбөйсүң, баары автоунаада жүрөт. Калктын жашоо-турумушу оңолуп жатканын ушундай байкасак болот" деп айткан сөзү да көпчүлүктү таң калтырган. "Элдин жашоо шартынын индекси эшек менен бааланабы?" деп күлгөндөр болгон.

Ата-эне, бир туугандары

Атасы Айылчы Боронов 2018-жылы ноябрда 83 жаш курагында дүйнө салган. Апасы учурда 84 жашта. Министр өзү 8 бир тууган. Улуу агасы кырсыктап 2013-жылы көз жумган. Калгандары ар түрдүү тармакта иштеп келишет.

Үй-бүлөсү

Бир кыз, бир уулдун атасы. Баласы Эркин Боронов учурда Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы болуп иштейт. Келини ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбековдун кызы. Ал эми өзүнүн кызы борбор калаадагы мектептердин биринде быйыл 6-классты аяктады.

Мүнөзү

ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, Боронов жөнөкөй, карапайым адам. Ал ар бир кызматкерге бир тууганындай мамиле кылып, жыйналыштарда кокус катуу айтып алса, кайра ошол адамдын өзүн чакырып себебин түшүндүрчү экен. Түнкү саат 12лерге чейин жыйналыш өткөрүп, жаратылыш кырсыктарында дайыма катардагы кызматкерлеринин жанында жүрчү.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкерлеринин айтымында, Боронов жөнөкөй, карапайым адам. Ал ар бир кызматкерге бир тууганындай мамиле кылып, жыйналыштарда кокус катуу айтып алса, кайра ошол адамдын өзүн чакырып себебин түшүндүрчү экен
Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, Боронов жөнөкөй, карапайым адам. Ал ар бир кызматкерге бир тууганындай мамиле кылып, жыйналыштарда кокус катуу айтып алса, кайра ошол адамдын өзүн чакырып себебин түшүндүрчү экен
Жаңылыктар түрмөгү
0