Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан

Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги каралууда. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кечээ, 15-июнь күнү, Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазып, бүгүн аны президент Жээнбеков кабыл алды.

Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматын тапшырууну чечкенин айтты. Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген эле.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкер сунуштайт.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:33 16.06.2020

Андан сырткары өкмөт мүчөлөрү жана жаңыдан сунушталган жетекчилердин талапкерлиги да жактырылды.

13:30 16.06.2020

Депутат Мирлан Жээнчороев Бороновдун талапкерлигин ким сунуштагандыгына кызыкты.

“Бороновдун талапкерлигине кечинде коалицияга кирген фракция жетекчилер менен талкуулап токтолду. Туруктуулукту сактоо, мураскерлик, саясий  партияга кошулбагандыгын, шайлоого калыс мамиле кылуу жактары эске алынды.  Учурдагы кырдаалдан улам бул кадам жасалды”, - деди Өмүркулов.

 

13:09 16.06.2020

Депутат Дастан Бекешов парламенттик  шайлоодо агитациялык иштер башталарын, эл үчүн концерттер берилерин, стадиондордо үгүт иштери башталарын айтып, COVID-19дун жугуу кооптуулугун эскертти.

“Шайлоону буга чейин кандай жол менен өткөрсөк, ошондой жол менен өткөргөнгө аракет кылабыз. Объективдүү жана субъективдүү себеп бар. Бизден эмес, сырттан да көз каранды болуп жатпайбы. Шайлоо күнү белгиленген учурда дарыгерлердин сунушу менен алгоримди айтабыз”, - деди Боронов.

 

 

12:57 16.06.2020

Вице-спикер Аида Касымалиева “сиз кирип келе жатканды ойлонуп кирдиңиз, сүйүндүңүзбү, же сүйүнгөн жоксузбу. Себеби ойлонуп кирдиниз" деген суроо узатты.

“Кечинде уктум, сүйүнгөнгө убакыт болгон жок, бир нерсени  өтө чоң  жоопкерчиликти сезип турам. Сүйүнө элекмин, бекитсенер сүйүнсөк керек”, - деп жооп берди Боронов.

Бекешов 10 күндөн кийин шайлоо алдындагы кампания башталышы мүмкүндүгүн айтты.

12:20 16.06.2020
12:16 16.06.2020

"Баарыбыз кыйналабыз, туура, аны баарыбыз билип турабыз. Ошон үчүн ишкерлердин жүгүн жеңилдетүү боюнча иш алып барып жатабыз", - деди Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

12:15 16.06.2020

"Кадр саясатын улам алмаштыруу азыркы, коронавирус каптап турган кыйын  учурда ашыкча деп ойлойбуз. Бошогон орундарга гана артыкчылык берилет", - деди Боронов.

12:12 16.06.2020

Депутаттардан тышкы карыздар андан кутулуунун оордугу боюнча суроо берилди.

“Сырткы карыздар боюнча кредиторлор менен эки тараптуу сүйлөшүү болуп жатат. Андан тышкары Париж клубу менен сүйлөшүү жүрүүдө. 57 миллион долларды төлөөнү кийинкиге, 2024-жылга чейин жылдыруу боюнча сөз болууда. Бул  да аздык кылууда, рестуруктуризацияны терең кылуу зарылдыгы турат”, - деди Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

Буга Боронов кошумча маалымат берди.

“Тышкы карыздар боюнча кошумчалап коеюнчу, бул багытта иштеп жатабыз. Чоң жыйырмалык, Кувейт фонддору сыяктуу тараптар менен сүйлөштүк. Кыскасын айтканда, быйыл 50 милилондон ашык доллар пайда болуп калат”, - деди ал.

 

12:00 16.06.2020

"Вагонеткада 17 жерде окуп жатышат. Биринчи учурда ошолорго көбүрөөк көңүл бурабыз. Андан сырткары урай турган мектептер да бар. Алар биринчи орунда", - деди Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып. 

11:58 16.06.2020

Депуттар суроо берип жатып, сөзүнүн аягында жана башында Бороновдун өкмөт башчылыгына талапкерлигин колдой турганын айтышууда.

11:45 16.06.2020

Депутат Рыскелди Момбеков Бороновго суроо берип жатып аны, “Абылгазиевдин атылбай калган акыркы патрону” деп атады.

11:44 16.06.2020
11:39 16.06.2020

"Өкмөттүн аппарат жетекчиси өзүнүн берген арызынан улам иштен кетти. Анын ордуна  Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин көрсөтүп жатам. Бул адам менен иштешип келгем", - деди Боронов. 

 

11:37 16.06.2020
11:34 16.06.2020

Өкмөттүн “Ишеним, биримдик жана жаратмандык” программасына кошумча ишкерликти каржылоо программасын киргизүүнү карап ойлонуп жатабыз.  Буга 14 милилард сомдон кем эмес каражат бөлүүнү карап жатабыз”, - деди ал.

 

11:26 16.06.2020

Боронов бюджеттин киреше бөлүгүн аткарлышын камсыздоо өкмөттүн учурдагы иштеринин бири деп билдирди.

Көмүскө экономика менен күрөшүү, кирип-чыккан товарларды көзөмөлдөө, бажы системасынын иштешин жакшыртуу ишин улантуу тыкыр караларын айтты

11:21 16.06.2020

Боронов анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка сунушталгандыгына ыраазылык билдирип, азыркы өкмөттүн жүргүзүп жаткан курсун улантуу аракети болорун айтты

11:16 16.06.2020
11:13 16.06.2020

Учурда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жетекчиси Иса Өмүркулов сүйлөп жатат. Эми келе турган премьер саясатка аралашпаган адам болуусу керектигин айтты

Жаңылыктар түрмөгү
0