Инсульт алып ооруканага түшкөн экс-депутат Болот Шердин абалы айтылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат ЖК Болот Шер
Экс-депутат ЖК Болот Шер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК мурдагы депутаты Болот Шер 12-июнга караган түнү ооруканага түшкөн. Азыр аппарат менен дем алып жатат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин абалы дагы эле оор, комадан чыга элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов билдирди.

Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн.

"Бүгүн эртең менен дарыгерлер менен Болот Шердин абалын көрдүк. Ал-ахывалы дагы деле оор. Аппарат менен дем алып жатат. Кан басымы 160-170ке чейин көтөрүлүп кетүүдө. Мээсине кан куюлуп кеткен. Бүгүн борбордук жандандыруу бөлүмүндөгү өзүнчө палатага которгону жатабыз. Буга чейин шашып алып келгендиктен, жалпы реанимацияда болчу. Дарыгерлер колунан келген медициналык жардамын көрсөтүүдө", — деди нейрохирург.

Мамытов экс-депутаттын башына операция жасалбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0