Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, коомдук тамактануучу жай менен дарыкана күйгөн. Окуяга күбө болгондо жалын жанындагы күркөлөргө дагы жармашканын айтып беришти.
ӨКМдин алдын ала берген маалыматы боюнча, кырсык газ баллондун жарылышынан улам болгон.

Бишкектин 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан чыккан өрт өчүрүлгөндөн кийин

Кырсык болгон жерге куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөрдөн сырткары милиция кызматкерлери да ыкчам жетип келди

Бир саатка жакын убакыттан соң өрттүн башка жакка жайылышын чектешти

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө өрт өчүрүүчү алты бригада тартылган

Алдын ала божомолдорго караганда, кырсыкка газ баллондун жарылышы себеп болгон

Ысыктын күнүндө калың кийинип, өрттүн жанында жүрүш оңой иш эмес

Өрт туурасында маалымат ӨКМге саат 15:48де түшкөн

Кырсык болгон жердин жана аймактын асмандан көрүнүшү

Өрттөн калган оокаттарды алып чыгып жатышат

Жалын коңшу турган объектилерге да жармашкан

Мындай учурда кызыгып, сонуркап карагандар да көп болот

Эми кырсыктын келип чыгуу себебин иликтөө башталат

Алгач, өрт өчүрүүчү бир бригада келген... кийин башкалары кошулду

Бул кырсык бир кишинин өмүрүн алды