Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОтургучта отурган кыз. Архив
Отургучта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эртең эң ысык аба ырайы Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында катталары маалым болду. Анткен менен синоптиктер бир катар аймактарда күндүн көзү бузула тургандыгын айтышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 15-июнда күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29…+34, Талас жергесинде +28…+33, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Ысык-Көл аймагында +20…+25 жана Нарында +21…+26 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ошто +33…+35 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0