БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москванын чок ортосунда белгисиз адам Кыргызстан элчилигинде иштеген консулдун орун басары Тигран Кондахчянды сабап кеткен. Бул тууралуу РЕН ТВ телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.
© Фото / Пресс-служба посольства КР в РФКыргызстан Москвадагы элчилигинде иштеген консулдун орун басары Тигран Кондахчян
Кыргызстан Москвадагы элчилигинде иштеген консулдун орун басары Тигран Кондахчян
© Фото / Пресс-служба посольства КР в РФ
Атташенин айтымында, ал "Добрынинская" метросунун станциясынан белгисиз адам менен уруша кеткен. Уруш мушташка айланып, дипломатты белгисиз адам башка урган.
Консулдун орун басары окуядан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Учурда кол салган адам изделүүдө.
Маалым болгондой, Кондахчян Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 2016-жылдан бери иштейт.