БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Борбор калаага Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июнда, "Манас" эл аралык аэропорту Дубай — Бишкек маршруту боюнча чартердик каттамды тосуп алган.
"Сырттан алып келинген 187 мекендештин арасында балдар дагы бар. Алар учардын алдында коронавируска экспресс-тесттен өтүп, жыйынтыктары таза чыккан. Кайтып келгендердин бардыгы бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды", — деп айтылат билдирмеде.
Штаб чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенге алып келүү боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.