00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү бериле баштады — эмнелерди билүү керек?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Актёр Марат Жантелиевдин сөөгү кайда качан коюлары айтылды

© SputnikБелгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев. Архив
Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актёрдун сөөгү Бишкектеги "Учкун" кичи районундагы өз үйүнөн чыгат. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына бийлик, маданият өкүлдөрү катышары маалым болду.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Белгилүү актёр, куудул, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевдин сөөгү 11-июнда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркум иштеген Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Темирлан Сманбеков билдирди.

Анын айтымында, актёрдун сөөгү Бишкектеги "Учкун" кичи районундагы өз үйүнөн чыгат.

"11-июнда 9:30да актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. КР эмгек сиңирген артистин акыркы сапарга узатуу зыйнатына бийлик, маданият өкүлдөрү катышат", — деди Сманбеков.

Ал Жантелиевдин боор, бөйрөгү көптөн бери ооруп жүргөнүн айтып, артында бир уул, эки кызы калганын кошумчалады.

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Булбул жана торгой. Ээрчишип кеткен эгиз акын Элмирбек менен Зайырбек
Эске салсак, Кыргызстандагы белгилүү актёр, "Бопуш" деген ат менен белгилүү болгон талант Марат Жантелиев кечээ, 9-июнда, ооруканадан үзүлгөн. Ал 59 жашта болчу.

Марат Жантелиев Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип келген.

Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0