Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© AFP / CHRISTOPHE SIMONЖаан учурда аял кол чатыр менен. Архив
Жаан учурда аял кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 8-июнда республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болот! Алдыдагы жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл менен Нарын облустарында жана өлкөнүн түштүк аймактарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +22…+27, Таласта +21…+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы баш калаада +24…+26 градуска чейин жетсе, Ошто күндүн табы +25…+27 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0