НАТОну санаага салып... Россия "Борей-А" жана "Ясень-М" субмариналарын чыгарды

© Sputnik / Олег Кулешов / Медиабанкка өтүүСтратегиялык өзөктүк ракеталык субмарина "Князь Владимир" долбоор 955A (шифр "Борей-А")
Стратегиялык өзөктүк ракеталык субмарина Князь Владимир долбоор 955A (шифр Борей-А) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия америкалык аналогдордон бир нече арзан, бирок мүмкүнчүлүгү кеңири субмариналарды чыгарат. Аскер-деңиз флотунун бекемделиши аталган өлкөнү Дүйнөлүк океандан орун алышы менен эле коргоп турат деп эсептейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

"Севмаш" ишканасында кемелерди ишке берүү командалары түзүлгөн. Кемелер быйыл деңизде сыналмакчы. Бул жылы дегенибиз, экономикалык каатчылык жана пандемия да Россиянын Аскер-деңиз флотунун кызыкчылыгы үчүн суу алдында жүрүүчү атомдук кайыктардын эки тобунун курулушуна бөгөт болбоду.

"Ясень-М" жана "Борей-А" субмариналарынын даярдыгы ар башка баскычта. "Князь Владимир" Аскер-деңиз флотуна берилишине даяр, "Казань" сыноодон өтүүдө, "Белгород" жана "Новосибирск" былтыр эллингден (курулуш жеринен) чыгарылган.

Россия тездик менен өзүнүн суу алдындагы флотун жаңыртууда. РФтин кызыкчылыгын Дүйнөлүк океандын кайсы гана аймагында болбосун коргоо менен бирге ал Түндүк Атлантика альянсынын бир тараптуу аскердик үстөмдүгүнө жол бербейт.

Истребитель F-35 - Sputnik Кыргызстан
100 млн. долларлык парадокс. F-35 истребителинин баага татыбаган сапаты
Россиялык Аскердик-деңиз флоту суу алдында жүрүүчү 10 чакты жаңы кайыкты алса, өз курамында 80ге чейин субмаринага ээлик кылат. Анын ичинде "Борей-А" долбоорундагы эки стратегиялык крейсер, көп багыттуу эки "Ясень-М" субмарина жана бир "Варшавянка" да бар. Белгилей кетсек, суу алдында жүрүүчү кайыктар — адамзаттын эң татаал жана жакшыртылган куралы.

РФ стратегиялык суу алдындагы күчтөрүн жаңыртуу — өзөктүк куралды токтотуунун жана улуттук коопсуздукту камсыздоонун негизи. "Князь Владимир" стратегиялык багыттагы суу алдында жүрүүчү ракеталык крейсери (РПКСН) Россиянын коргоо жаатындагы өрүш алган дараметин айгинелейт. Бул 12-майда Северодвинскиден Ак деңизге мамлекеттик сыноодон өтүү үчүн чыкты.

Бир нече апта суу үстүндө жана суу алдындагы абалда, бардык ылдамдыкта, система жана мүмкүнчүлүктөрү толук текшерүүдөн өткөндөн кийин Түндүк флоттун курамына кемени киргизүү датасы аныкталмакчы. Сыноолордун негизги бөлүгүнөн, ракеталык атуу жөндөмү да "Борей-А" долбоорунун башкы кемеси РПКСН "Князь Владимир" 2019-жылдын аягында өткөн.

Төртүнчү муун

Россиялык Аскер-деңиз флотунун курамында үч стратегиялык "Борей" бар: "Юрий Долгорукий", "Александр Невский" жана "Владимир Мономах". Сериядагы эң негизгиси – “Юрий  Долгорукий" ракета алып жүрүүчү (Түндүк флоттун курамына 2013-жылы ккошулган).

Алгачкы үч кеме шахталарда "Булава" континенттер аралык баллистикалык 16 ракетасына ээ. Кийинкилери мындан көбүрөөк алышы мүмкүн (айырмаланган мүнөздөмөлөрү ачык айтылбайт).

Эске салсак, РФ Коргоо министрлиги Аскердик-деңиз флотуна кошумча дагы эки 955А "Борей-А" ракета алып жүрүүчү менен камсыз кылууну пландаган, ошону менен серия сегизден он кемеге чейин көбөймөкчү.

Төртүнчү муундагы суу алдында жүрүүчү он стратегиялык крейсер (үч "Борей" жана жети "Борей-А") жакынкы он жылдыктарда россиялык өзөктүк триаданын деңиздик негизи болмокчу. Ал эми бул – 100-150 тоннадан 1600 ажыратылган курал-жарак.

Международный военно-технический форум Армия-2019. День третий - Sputnik Кыргызстан
Бура бастырбаган "Бумерангдын" экспорттук дарамети 1 млрд доллар. Артыкчылыгы
Ракетанын эң узак аралыгы — 8 000 чакырым. "Булава" душмандын ракетага каршы коргонуусун да жиреп өтө алчу заманбап тутуму, жогорку ылдамдыгы жана маневрдүүлүгү, кубаттуу (катуу отундуу) кыймылдаткычы, чакан өлчөмдөрү жана деңиздеги жүрүшүн токтотуучу куралдын башка артыкчылыктарына ээ.

Потенциалдуу душмандын ракета алып жүрүүчүлөрүнүн изин кууган көп багыттуу "аңчылар" да Дүйнөлүк океанда РФтин күчтөрүнүн балансы жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн кыйла мааниге ээ (алардын милдети — АКШ субмариналарын жана НАТОнун бир катар өзөктүк өлкөлөрүн аскерий күзөтүү аймагында коштоо).

Заманбапташтырылган "Ясень-М" долбоорунун "Новосибирск" алгачкы сериялык суу алдында жүрүүчү көп багыттуу кайыгын 2019-жылдын аягында сууга кое беришкен. Көп өтпөй "Новосибирск" Аскердик-деңиз флотунун курамына кирет. Бул серияда Россиялык флот 7 кемеге ээ болот.

"Ясень-М" долбоорундагы субмариналар миналар, 533 миллиметрлик торпедалар, "Калибр" жана "Оникс" канаттуу ракеталар, ошондой эле гипер үндүү "Циркондор" менен куралданган. Бортунда жакшыртылган радиоэлектрондук курал-жарак комплекстери бар.

Сыйымдуулугу 13800 тонна болгон бул типтеги суу алдында жүрүүчү, анча байкалбаган көп багыттуу кайыктар 520 метрге чейинки тереңдикке чөмүлө алат. Автономдуулугу — 100 сутка, суу алдындагы ылдамдыгы — 31 узел (кеменин жүрүш тездиги), экипаж — 64 киши.

"Ясень" долбоорунун көрүнүктүү мүнөздөмөлөрүн фактылар да тастыктайт: россиялык "Северодвинск" субмаринасын Атлантикалык океандагы америкалык аскердик моряктар бир нече жума таба алышкан эмес. Кызматтын өзгөчөлүгү ушунда.

Белгиленген убакытта суу алдында жүрүүчү кайык деңизге чыгып, чөмүлгөн аймагында из калтырбайт. Экипаждын ката кетирүүгө акысы жок, өтө тереңдикте күн көзүн көрбөй, аба ырайынын өзгөрүшүн байкабай чоң жоопкерчилик менен нөөмөтүн өтөйт. Дем алууга абаны регенерация системасы камсыздайт.

Тапшырманы аткарган соң субмарина ошол эле чекитине, кээде бир канча айдан кийин сүзүп барат. Бул – стратегиялык жана суу алдында жүрүүчү көп багыттуу кайыктардын артыкчылыгынын айласыз куну. Көзгө чалдыккыс, ар түрдүү аба шарттарына чыдамдуулугу, Дүйнөлүк океандын кайсы гана аймагында болбосун салгылашууга жөндөмү, анын ичинде Арктика муздарынын алдынан да ракеталык сокку ура алышы эле эстен тандырчудай.

Танк Т-14 Армата репетиция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты деп табылды! Россиялык "Армата" эмнеге Сирияда сыналууда?
Бүгүнкү күндө Россия бешинчи муундагы атомдук суу алдындагы флоттун пайдубалын түптөөдө. Бул үчүн куралдардын спектри жаңыланып, бутаны көрсөтүү, байланыш жана башкаруунун алдыңкы каражаттары, ошондой эле чалгындоонун да автоматташтырылган каражаттары киргизилүүдө.

Бешинчи муундагы суу алдында жүрүүчү атомдук кайыктарды долбоорлоо Аскердик-деңиз флотунун негизги талаптарына шайкеш аткарылууда. Көзгө чалдыккыс жана куралдануу тутуму да кынтыксыз жасалууга тийиш. Батыштын кастык риториканы күчөткөнүнө, Россияны артта калган, депрессияга берилген "бензоколонка" (бир убакта Россияны америкалык сенатор Ж.Маккейн ушундай атаган) катары көрсөткүсү келсе да, Россия Федерациясы көптөгөн технологиялык жогорку жетишкендиктери боюнча бөлөк өлкөлөрдү өзүнө караандатпайт.

Батыштын кыжырын келтирүүдө

Америкалык адистер Россия "955А "Борей" долбоорунун өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ, бортунда континенттер аралык баллистикалык ракеталары бар, өзөктүк суу алдында жүрүүчү кайыктарды жасап жатканын аргасыз моюнга алышат.

The Drive басылмасы "Князь Владимир" РПКСН жарыяланган мүнөздөмөлөрү, конструктордук чечимдеринен улам тынчсыздануусун билдирет. Анткени бул артыкчылыктары суу алдында жүрүүчү кайыктын добушун алда канча азайтып, натыйжалуугун арттырат.

Маалымат каражаттарына таянсак, "Борей" долбоорунун крейсерин куруунун наркы 400 миллион долларга жетет. Салыштыра турган болсок, ошол эле америкалык көп багыттуу Virginia субмаринасы Пентагонду 2,5 миллиард долларга чыгым кылат.

Анан калса, төртүнчү муундагы "Виржиниялар" согуштук жагдайда тапшырманы ийгиликтүү аткара алгыдай эмес, анткени үнү катуу, кемчилиги көп болуп чыкты (кыймылы жашыруун болбосо, суу алдында жүрүүчү кайыктардын тагдыры кейиштүү).

Россиянын Аскердик-деңиз флотундагы жаңы стратегиялык "Князь Владимир" ракета алып жүрүүчүсүнүн пайда болушу чакырык катары кабылданууда, бирок америкалыктар жана анын союздаштарында буга али жооп жок. Дүйнөлүк океанда жаңы гидроакустикалык тутумдарды (SOund SUrveillance System сымал) иштеп чыгууну каржылоо зарылдыгы жаралууда (бул өтө кымбат жана душманды кармоого 100 пайыздык кепилдиги жок). Бирок "Борейге" аскерий милдетти аткарыш үчүн океанда кемеге каршы чектерге карай ыраакка сүзүп өтүштүн зарылдыгы жок, "Булава" континенттер аралык баллистикалык ракетасы (МБР) өзү жайгашкан пирстен эле аракетке келе алат.

Учения системы материально-технического обеспечения Восточного военного округа - Sputnik Кыргызстан
Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок
"Ясень" долбоору боюнча АКШнын маалыматы жетишерлик жана куру үмүткө жетеленбейт. Белдүү басылмалардын бири The National Interest "Северодвинск" өзөктүк субмаринасы өзөктүк жана кадимки вариантта эң узак аралыгы 2500 чакырымдан жогору болгон 3М-14К "Калибр" тибиндеги 32 канаттуу ракета менен куралданган.

"Ясень" классындагы суу алдында жүрүүчү кемелер чоң ылдамдыкта өтө тынч жүрөт, датчиктери да абдан сезимтал. Ошондуктан "Кошмо Штаттардын негизги аймагына коркунуч туудурат".

Андан ары америкалык басылма "Северодвинск" менен "Казань" Американын чыгыш жээгине 1000 чакырым аралыкта жакындоого жана "Улуу көлдөр аймагы, Чикаго, Сент-Луисте жайгашкан буталарына" зыян келтирүүгө жөндөмдүү экенин белгилейт. Эмне үчүн россиялык көп багыттуу субмариналар АКШнын кургактагы буталарын бузары так түшүндүрүлбөйт.

Ошентсе да "Ясень" долбоорунун "аңчылары" каршылаштын дал абадан сокку тобун жана "Огайо" тибиндеги стратегиялык суу алдындагы ракета алып жүрүүчүлөрдү (UGM-133 "Трайдент" II D5 24 баллистикалык ракеталарды алып жүрөт, ар биринде 475 килотоннадан болгон W88 үлгүсүндөгү 12ге чейинки өзөктүк курал бар) жок кылууга багытталган.

Стратегиялык маанидеги заманбап суу алдындагы россиялык крейсерлер жана көп багыттуу субмариналар душманды козголгуча жок кылат. Ошондой эле Россия Федерациясын Дүйнөлүк океандагы орун алышы менен эле коргоп турат.

Россия Аскердик-деңиз флотун бекемдөөнү улантууда. Бул анын планетанын булуң-бурчунда улуттук кызыкчылыктарын ынанымдуу түрдө коргой алат. РФтин коргоо багытындагы дараметинин өр алышы Түндүк Атлантика альянсындагы "өнөктөштөрүнүн" санаасын санга бөлөт. Бирок алар мүмкүн болгон чыгымдарды эсептей алышат, бул биздин көп полярдуу дүйнөбүздүн салыштырмалуу туруктуулугуна кепил болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0