https://sputnik.kg/20200518/bishkekte-militsioner-asmanga-ok-chygardy-1048338342.html
Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы
Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
Милиция адамдар эскертүүнү укпай, жаңжал чыгарып инспектордун куралын тартып алууга аракет кылганын айтууда. 18.05.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-05-18T11:41+0600
2020-05-18T11:41+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103011/28/1030112888_0:0:6016:3385_1920x0_80_0_0_b1e3f34dd44ca53681971cdd645aed9c.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103011/28/1030112888_542:0:5897:4016_1920x0_80_0_0_cbcc58771755f3f286204bea00f66c52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек
Бишкектеги паркта милиционер асманга ок чыгарды. Окуянын видеосу жана чоо-жайы
11:41 18.05.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милиция адамдар эскертүүнү укпай, жаңжал чыгарып инспектордун куралын тартып алууга аракет кылганын айтууда.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта милиционердин асманга ок чыгарышы боюнча билдирүү таратты.
Анда кечээ, 17-майда, саат 21.30да Биринчи Май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар милиция кызматкерине кол салууга аракет кылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
"Алдын ала алынган маалымат боюнча, Кайгуул милициянын инспектору, улук сержант К.Б. Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта адамдардын көп чогулганын байкаган. Алар карантин маалында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай, кечинде коомдук жайда топтолуп коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучун жараткан. Милициянын парктан чыгып кетүүгө берген эскертүүсүнө агрессивдүү жооп кайтарып, жаңжал чыгарышкан. Аны менен катар табелдик куралын тартып алууга аракет кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
27 Жалган Куран 2020, 18:06
Бишкек ШИИБи түзүлгөн кырдаалга байланыштуу инспектор К.Б. "КРдин ички иштер органы жөнүндөгү" мыйзамдын 15-беренесине ылайык эскертүү огун асманга атканын белгилейт. Ошондон кийин белгисиз адамдар артка кайткан.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Ишти Биринчи Май райондук милициянын тергөөчүлөрү алып барат.