Бишкек мэриясы комендатура берген уруксат кагаздарынын мөөнөтүн узартты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын кире беришиндеги санитардык-карантин өткөрүү пунктунда укук коргоо органынын кызматкери.
Бишкек шаарынын кире беришиндеги санитардык-карантин өткөрүү пунктунда укук коргоо органынын кызматкери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкекте эртеңден тарта шаарда эркин жүрүүгө уруксат берген кагаздар электрондук түрдө бериле баштай турганы айтылган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкек мэриясы мурда комендатура берген уруксат кагаздарынын мөөнөтүн автоматтык түрдө узартып койду. Бул тууралуу брифингде биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди.

Ал өзгөчө абал 11-майда бүтүп комендатура ишин аяктагандыктан, өткөрмө кагаздар дагы жокко чыгарылганы айтылганын эске салды.

"Ооба, юридикалык жактан комендатура азыр жок. Андыктан бардык уруксат кагаздарынын мөөнөтүн мэрия узартып коет", — деди Бакетаев.

Буга чейин Бишкекте эртеңден тарта шаарда эркин жүрүүгө уруксат берген кагаздар электрондук түрдө бериле баштай турганы айтылган. Бул система Салык инспекциясына барып иштеген жеринен алган маалым катты күбөлөндүрүүгө альтернатива боло алат. Уруксат кагазын алуу үчүн www.312.meria.kg сайтына баш багуу керек.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Медициналык кызматкерлер оорукананын кызыл зонасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтып баратабы? Соңку статистика
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0