Түндө 163 киши коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалды

Жазылуу
Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жумага караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген аймактарында коменданттык саатты 163 киши бузуп, тогуз автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими ушул тапта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда иштеп жатат. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

"Тартип бузуп кармалгандардын 143ү Бишкектен болсо, Ош шаарында 10, Жалал-Абадда жети, Ат-Башы районунда үч киши эреже бузуп колго түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оору жугузасыңар! Комендант такси, чач тарачтар тартип сактабай жатканын эскертти
Тартип бузуп кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилип, эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта, коменданттык саат эрежесин бузган 4733 киши кармалган.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0