00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Шарт жоктугунан операцияга кезек жетпей жүрөк кемтиги менен туулган наристелер чарчап калууда
23:04
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Боронов милицияны сындап, Бишкекте көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУкук коргоо кызматкерлери коопсуз бет капчан жумуш учурунда. Архив
Укук коргоо кызматкерлери коопсуз бет капчан жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри айрым соода түйүндөрүндө санитардык талаптар сакталбай жатканын кабарлаган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Республикалык ыкчам штаб Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Штабдын бүгүнкү жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айрым соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында санитардык талаптар сакталбай жатканын белгилеген. Ал кээ бир таксисттер бет кап кийбей жана башка эрежелерди аткарбай жатканын мисал келтирип, буга байланыштуу көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштаган.

Андан соң Боронов тартип сакчыларынын ишине сын айтып, учурда өзгөчө абал режими күчүндө экенин эскерткен.

"Экономикалык ишмердүүлүктүн бир бөлүгүнө жеңилдик берилген. Бирок бул калган категориядагы жарандар үчүн карантин токтотулду же себепсиз шаарга чыга берсе болот дегенди түшүндүрбөйт. Майрам күндөрү да көчөдө адамдар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул жаатта кайгуул иштерин, санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш", — деди Боронов.

Ошондой эле жыйында жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коронавируска кабылган адамдар жашаган аймактардын тизмеси жарыяланды
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районуна 10-майга чейин өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0