00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как учат ИИ говорить по-кыргызски и зачем стране свой «Айран»
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

COVID-19 менен күрөшкөн медиктер айлыгынан тышкары канча акча алышат? Түшүндүрмө

© AFP / JOHN MOOREСитуация в США в связи с распространением коронавируса
Ситуация в США в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктурган бейтаптар менен стационарда иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 төлөнөт. Андан кийин алар изоляцияланып, 14 күнгө обсервацияга жаткырылат. Бул учурда күн сайын аларга 900 сомдон каралган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Коронавирус жуктурган бейтаптар менен стационарда иштеген медиктер изоляцияга чыкканда да акы алышат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, стационарда иштеген медиктерге акча күнүнө эсептелет. Анын ичинен дарыгерлерге 2300 сом, орто медперсоналга 2000 сом, кенже медперсонал менен техникалык кызматкерлерге 1800 сом берилет.

"Булар стационардан чыкпай иштешет. Андан кийин 14 күнгө изоляцияга алынышат. Бул учурда да күнүнө аларга 900 сомдон берилет", — деп айтылат.

Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
Министрлик канча медикке компенсация берилгенин айтты
Билдирүүдө көрсөтүлгөн эсеп боюнча бир дарыгердин кошумча акысын эсептеп көрдүк. 2300 сомду 15 күнгө эсептегенде 34 500 сом, ал эми изоляцияда жаткан 14 күндүн акчасы 12 600 сом болот. Экөөнү кошкондо коронавирус менен ооруканада күрөшкөн дарыгер 29 күндө 47 100 сом кошумча акча алышы керек.

График боюнча иштеген медиктердин айлыгы саатына эсептелет. Мисалы, дарыгерлерге 100 сом, орто медперсоналга 90 сом, кенже медперсонал менен техникалык кызматкерлерге 80 сом каралган. Тез жардам кызматкерлерине илдет жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага алып барганына жараша төлөнөт. Мисалы, дарыгерлерге 600 сом, орто медперсоналга 500 сом, кенже медперсоналга 400 сом каралган.

Иш убактысына жараша ар бир медкызматкердин төлөмүнүн өлчөмү ар кандай болуп калышы ыктымал экендиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0