Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүТалаа. Архив
Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 30-апрелде өлкө аймагы боюнча жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология агенттиги маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17…+19, Талас менен Ысык-Көлдө +14…+19, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +19…+24 жана Нарын жергесинде +15…+20 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +17…+19 градуска, Ош калаасында +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0