Кыргыз-кытай чегиндеги “Эркечтам” бекети дээрлик бир жумага жабылат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү“Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү бекетинде унаалар. Архив
“Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү бекетинде унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек араны убактылуу жабууну Кытай тарап сунуштаган. Бир жумадан кийин товарларды өткөрүү кайра жанданат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кытайда эмгек күнү белгиленет. Буга байланыштуу 30-апрелден 5-майга чейин “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекети жабыларын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-майдан тарта кыргыз-кытай чек арасынан жүктөр өткөрүлө баштайт.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам жабылган “Эркечтам” пунктунун иши 15-апрелде гана жанданган. Тагыраагы, чек арадан товар өткөрүүгө уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0