Элмирбек акын менен коштошуу зыйнаты башталды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды
Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды.

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония прощания с акыном-импровизатором Элмирбеком Иманалиевым в микрорайоне "Тунгуч"
Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды
© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония прощания с акыном-импровизатором Элмирбеком Иманалиевым в микрорайоне "Тунгуч"
Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония прощания с акыном-импровизатором Элмирбеком Иманалиевым в микрорайоне "Тунгуч"
Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгун жоготуу экенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/4
Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгун жоготуу экенин белгиледи
© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония прощания с акыном-импровизатором Элмирбеком Иманалиевым в микрорайоне "Тунгуч"
Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
1/4
Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды
2/4
Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат
3/4
Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгун жоготуу экенин белгиледи
4/4
Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат.

Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу экенин белгиледи.

“Президент өзү келейин деди эле, бирок азыркы кырдаал ушундай болуп калды. Бүгүн элибиз, чыгармачыл чөйрөбүз бир канатынан ажырады. Буга чейинки кыргыздан өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз. Анткени Элмирбек ошол таланттардын баарын өзүнө камтып жүрчү”, — деди Раев.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Элмирбек акындын көп кырдуу таланты тууралуу айтып, аз жашаганына токтолду.

Акын Элмирбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
"Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз бүгүн. Элмирбек ырдын пири, элдин гүлү болду. Кайсы жерге барса дагы кыргыздын намысын түшүргөн жок. Кыргыздын маданиятын, тарыхын бийик көтөрүп, улуу сереге жеткирип жүрдү", — деди Шер-Нияз.

Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

Иманалиев 42 жашта болчу. Артында үч уул, үч кызы калды. Эки небереси бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0