ӨА жаңы кирген аймактарда канча киши эреже бузду? КР боюнча статистика

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшИИМ кызматкерлери. Архив
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коменданттык сааттын талабы Бишкек менен Ош шаарында көп бузулса, бул ирет Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип сактабагандар катталган жок.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. 15-апрель кечинде жана 16-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген шаарларында жана аймактарында 70 киши коменданттык саатты бузганы үчүн кармалып, 15 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат. Белгилей кетсек, Нарын жергесине коменданттык саат кечээ, 15-апрелден тарта, кирди. ӨА режими буга чейин иштеп келген аймактарда мындай тартип айдын этегине чейин узарган.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 39;
  • Жалал-Абад шаарында — 3;
  • Ош шаарында — 11;
  • Нарын шаарында — 8;
  • Ноокат районунда — 2;
  • Ата-Башы районунда — 7.

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун Кыргызстанды каптаган 30-күнү. Кырдаал боюнча тексттик баяндама
Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуу болгон жок.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2646 адам кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0