БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Василий Дашков "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Василий Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча ушул эле ишкананын директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Ишкананын жетекчилигинен кеткен Канатбек Абдыкеримов 2018-жылдын октябрь айынан бери иштеп жаткан.