БАЭ Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар болууда

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүИшкерлер картошканы тандап жатат. Архив
Ишкерлер картошканы тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башчысы түзүлгөн кырдаал жана экономикалык кесепеттер биргелешкен аракеттерди талап кылып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Сооробай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Зайед аль-Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чараларды талкуулашкан.

Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы кыргыз тарапка аталган илдет менен күрөшүүдө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирген. Ошондой эле ал эмират тарап Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоого кызыкдар экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0