Newsflare порталынын жазганына караганда, окуя Цзиньхуа шаарындагы Чжэцзян провинциясында болгон.
Кадрдан киши баласы менен жолдун аркы бетине өтүп бара жатканын көрүүгө болот. Унаалардын бири жөө адамдар үчүн чийилген чийинден токтобой, аз жерден жеткинчекти коюп кете жаздаган. Тагыраагы, баланы атасы убагында артка тарта калып аман алып калган.
Окуянын видеосу соцтармакка тездик менен жайылууда. Интернет колдонуучулар айдоочуга наалат айтып, комментарий жазып жатышат.
Маалыматка караганда, айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөп кутулат.