00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ТИМ: 45 өлкөдө жүргөн 3800дөй кыргызстандык кайтууну көздөп жатат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАэропортто күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив
Аэропортто күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекенине кайтуу ниетин билдиргендердин көпчүлүгү Түркия, Россия жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөндөр.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандын чет жакта жүргөн 3800дөй жараны мекенине кайтуу ниети менен кайрылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, чек аралар жабылып жана авиакаттамдар токтотулганына байланыштуу ТИМдин ыкчам байланыш номерине жана элчиликтерге Европа, Түндүк Америка жана Азиянын 45 өлкөсүндө жүргөн кыргызстандыктар кайрылган.

Азыркы тапта Сауд Аравияда кичи ажылыкка барган үч мекендеш кармалып турат. Алар 12-мартта кайтып келишмек, бирок бирөөсү ооруканага жаткырылгандыктан аны менен кошо дагы эки жаран калган.

Мекенине кайтуу ниетин билдиргендердин көпчүлүгү Түркия, Россия жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөндөр.

"Коронавируска шектелип дарыланып жаткан мекендештер менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Дипломаттар чет жактагы мекендештерге күнү-түнү тиешелүү жардамдары колдон келишинче көрсөтүп жатат. Ошондой эле кыргызстандыктар көп жайгашкан шаарлардагы консулдуктун кызматкерлери коронавирустан коргонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ТИМ соңку 10 күндүн ичинде чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар тууралуу дагы маалымат берди.

Россия

Эл аралык Шереметьево аэропорт иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада калган 400дөй кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Видео
20-30-март күндөрү пландалган авиакаттамдар менен Бишкек, Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Сургут жана Иркутск шаарларынан 1442 кыргызстандык келген.

Ал эми 29-мартта Москвадан чартердик рейс менен 402 жаран алып келинген.

Мунун арасында Таиланд, АКШ, Франция, Доминикана Республикасы, Болгария, Вьетнам жана Польшадан келгендери дагы бар.

Казакстан

"Алматы" аэропорту аркылуу Индия, Таиланд, Египет, Шри-Ланка жана Малайзиядан 168 жаран келди.

Бириккен Араб Эмирлиги

22-24-мартта чартердик учак менен Дубайдан Бишкекке 326 мекендеш алып келинди.

Түркия

25-мартта Анталья — Бишкек чартердик каттамы уюштурулуп, 197 кыргызстандык мекенине келди.

Иран

Аэропорттогу жүргүнчү - Sputnik Кыргызстан
Ачкачылык жарыялайбыз! РФ аэропортунда калган КР жарандары Жээнбековго кайрылды
56 жүк ташуучу Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзиттик коридор менен кайтып келишкен.

Тышкы иштер министрлиги мындай иш-чаралар дүйнөдөгү кырдаал турукташып, авиакаттамдар жанданганга чейин активдүү жүргүзүлөрүн белгилейт.

Эскерте кетсек, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу Кыргызстан бүт чек араларын жаап, авиакаттамдарын токтоткон. Ушундай эле чектөөлөр дүйнөнүн бир нече мамлекетине киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0