Коронавирус менен россиялык армия кантип күрөшөт? Саресеп

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскер инструктаж учурунда. Архив
Россиялык аскер инструктаж учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 менен күрөшүү боюнча россиялык ыкмалар болушунча так жана жогорку технологиялык, мыкты уюшкандык жана атайын күчтөрдүн көп жылдык аскердик даярдыгы – радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо (РХБЗ) менен бекемделген.

Россиянын аймактарында талаа госпиталдары жана куралдуу күчтөрдүн тобу уюштурулуп, кийин чоң нерсеге кереги тие турган атайын окуулар өткөрүлүүдө. Коронавируска каршы күрөшүүдө армиянын аракети тууралуу аскердик баяндамачы Александр Хроленко макала жазган.

Коронавирус батыш армиясынын ишмердигин алсыратты (бул америкалык Foreign Policy басылмасынын бүтүмү), бардык тактикалык машыгуу пландарын, анын ичинде америкалык Defender Europe 2020 окууларын да жок кылды. Бирок россиялык армия жогорку аскердик жөндөмдүүлүгүн сактап жана COVID-19 менен күрөшүүнүн алдыңкы чегинде турат.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинде 25-мартта вирустуу инфекциялардын жайылышы жана жапырт жабыркоо коркунучун жоюуга карата аскердик бөлүктөрдүн даярдыгын капысынан текшерүүлөр башталган. Батыш жана Борбордук аскердик округдардын (БАО) жети полигонунда атайын окуулар өткөрүлүүдө. РХБЗ, Аба-космостук күчтөрдүн, Стратегиялык дайындоодогу ракеталык куралдуу күчтөрүнүн (РВСН), борбордук баш ийүүдөгү инженердик күчтөр жана медициналык камсыздоо уюмдарынын атайын бөлүктөрү бул иш-чарага тартылган.

Эпидемиолог Айыма Деркембаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги
Окуунун жүрүшүндө карантиндик жана дарылоо, ошондой эле белгиленген райондордогу объектилер жана жерлерди дезинфекциялоо иш-чараларынын толук комплекси боюнча машыгуулар өттү. Карантиндик режимди аскердик полиция жана учкучсуз авиация эсептери камсыз кылат. Диагностикалык модулдар, талаа госпиталдары, эпидемиялык чалгындоо пунктулары жана атайын машыгуу райондору уюштурулду. Инженердик күчтөр фортификациялык (чыңдоочу) иштерди, атайын дайындоодогу медициналык отряддар дарылоо-эвакуациялык милдеттерди аткарышты. Медициналык камсыздоо бөлүмдөрү аскердик бөлүктөрдүн туруктуу жайгашкан пунктуларында санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларын өткөрүштү. Талаа шарттарында турак жай жана тамак-ашы да уюштурулган.

Тактикалык машыгуулар өз маалында өткөрүлдү, себеби 27-мартка карата Россиянын аймагында коронавируска чалдыккан 1000ден ашуун учур катталган. 223 миң тест алынган, COVID-19 шеги менен 145 миңге чукул россиялык жаран медициналык кароодо жатат. Ошентсе да азырынча атайын иш-чаралар РФ Куралдуу күчтөрдүн полигондорунда бийлик органдарын, федерация субъектилеринин кызматтары, башка министрлик жана мекемелердин аймактык органдарынын катышуусусуз өттү.

Аскердик милдеттер

Батыш аскердик округдун (БАО) аймагындагы төрт региондо түзүлгөн атайын куралдуу топтор Ленинград, Нижегород, Воронеж жана Курск облустарындагы аскердик полигондорго маршын аяктады. Буга 1000дин тегерегиндеги аскердик кызматкер жана 200 чакты аскердик жана атайын техника тартылган.

Ар бир топтун курамында химиялык (биологиялык) коргоонун инженердик-техникалык көчмө комплекстери, атайын тазалоо техникасынын жылуулук машиналары (ТМС-65У), талаа лабораториялык комплекстери (КЛП-10), май куюучу  автостанциялар (АРС-14КМ) жана башка техникалар бар.

Химиялык чалгындоо машиналары менен аймактардагы аба, суу жана топурактын пробасы алынып, талаа лабораториялык комплекстери (КЛП-10) аларды текшерип чыкты. Вирус аныкталып калса, анын таралыш чек арасы электрондук картага киргизилет. Ал эми Санкт-Петербургда БАО штаб башкармалыгынын региондук борбору күнү-түнү куралдуу күчтөр иштеп жаткан аймактагы эпидемиологиялык абалдын шарттары боюнча маалыматтарды топтоп, талдоо жүргүздү.

Россия менен Беларуссиянын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Россия чек арасынын баарын жапты
Ушундай эле иш-чаралар Урал жана Сибирде да өттү. Атайын тревога менен көтөрүлгөн Екатеринбургдун атайын дайындоодогу медициналык отряды (МОСН) Свердлов облусундагы полигондордун бирине марш жасады. Ал жерде да аскердик медиктер заманбап жабдыктар менен жабдылган модуль-контейнерлерди (чатырлар азыр тигилбей калган) орнотушкан. Тактикалык машыгуулар өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча милдеттерди аткарууга медиктердин, атайын техника жана жабдуулардын даярдыгын текшерүүгө багытталган.

Талаа госпиталдары өзүнүн жандандыруу бөлүмү, интенсивдүү  терапия, врачтык жардамдын ыкчам комплекси менен жабдылган. Бардык объектилер автономдук энергия менен жабдуу тутуму, жасалма дем алдыруучу, абаны нормага ылайыктоо жана тазалоо, суу, жылуулук жана желдетүү аппаратурасы менен жабдылган, бул инфекциялык илдеттерди дарылоодо өтө зарыл. COVID-19 илдетине РФ Куралдуу күчтөрүнүн арасында катталбаганын белгилей кетели. Иш жүзүндө жай жарандарга болгон камкордукка күбө болуп турабыз.

Кемеров жана Новосибирск облустарындагы полигондордо Борбордук аскердик округдун аскердик медиктер, инженер жана химиктерден турган топтору түзүлгөн. Аскер кызматкерлери инфекциянын таралышы жана жугуу коркунучуна байланышкан өзгөчө кырдаалды жоюу милдеттерин аткарууга машыгышат. Материалдык-техникалык жана инженердик камсыздоо тутуму, инфекция жайылган шарттуу райондун периметрлерин коргоо боюнча жөө жана ыкчам патрулдары, атайын жабдылган филтрлөөчү пункттардын иши уюштурулган.

Топтордун курамында Борбордук аскердик округдун Алтай крайында Кемеров жана Новосибирск облустарында жайгашкан 41-жалпы жоокерлер армиясынан 500дөн ашуун аскер кызматкери жана 60тан өйдө атайын техникасы бар.

Күч, каражат жана келечекке кам көрүү

Полигондордо заманбап атайын техникалар иштөөдө. Свердлов облусундагы Стратегиялык дайындоодогу ракеталык куралдуу күчтөрүнүн РХБ коргоо бөлүгү 80 ири объектти, анын ичинде "Ярс" ракеталык комплексинин кыймылга келтирүүчү орнотмолорун атайын тазалоодон толук өткөрүүдө бир түргө келтирилген жылуулук машиналарын (УТМ-80) пайдаланышты.

Сырттан караган кишиге булар заманга бап эмес же жакшыртыла элек жалпы жоокердик коргоо комплекттери болуп сезилиши мүмкүн, бирок кантсе да алар абдан ишенимдүү, көп жолу пайдаланылат, радиоактивдүү чаңдан да, биологиялык коркунучтан да коргойт.

Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
"Россия сегодня": үйдөн чыкпа, жакындарыңды ойло!
Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө РФ Коргоо министрлигинин бейтаптарга жардам, карантиндик жана дарылоо иш-чараларынын комплексин аткаруу үчүн алыскы райондорго зарыл күчтөрдү жана каражаттарды аба жана темир жол аркылуу жеткирүү боюнча транспорттук мүмкүнчүлүгү да бааланды. Он чакты Ил-76 аскердик-транспорттук учак Тверь, Псков, Оренбург жана Ульянов облустарынан Саратовдун алдындагы ыкчам аэродромго учурулган. Экипаждар РХБЗ күчтөрүн жана техникасын ыраак аралыктарга жеткирүү менен алек болду. Текшерүү кечээ, 28-мартта, жыйынтыкталды.

Коронавирустан улам масштабдуу жана татаал болуп бараткан РХБЗ күчтөрүнүн атайын окууларынан тышкары, РФ Коргоо министрлиги май айынын аягына дейре өлкөнүн бир катар аймактарында 16 модулдук инфекциялык борбордун курулушун аяктоону пландоодо (бул үчүн Россия өкмөтүнүн резервдик фондунан дээрлик 9 млрд рубль бөлүнгөн). Албетте, бул күчтөр үчүн медициналык борборлор ашыкчалык кылат, алар келечек жана өлкөнүн жай жарандарынын коопсуздугу үчүн түзүлүп жатат.

РХБЗ күчтөрүнүн негизги милдеттерине согуштук аракеттердин болжолдуу аймактарын аныктоо жана алардын биологиялык абалын баалоо болуп эсептелет. Бул күчтөрдүн өзөгүн коргоочу иш-чараларынын толук комплексин аткарууга жөндөмдүү көп функциялык өзүнчө бригадалар түзөт.

Бирок Россия коронавирус пандемиясына масштабдуу согуш жарыялап, жакынкы коңшуларга жардамга кол сунууга даяр. Италияга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 15 аскердик лабораториянын бирин, 2065 дезинфекциялоочу машинанын 20сын жана РХБЗ күчтөрүнүн 20 миң аскердик кызматкеринин 66 адисин жөнөткөн. Себеби өмүр менен коопсуздуктун жалпы мейкиндиги улуттук чек аралар менен бөлүнбөйт, согуштук аракеттердин болжолдуу аймактары менен арбыбайт эмеспи.

Жаңылыктар түрмөгү
0