00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте мончо, сауна, бассейндер жабылат. Тизме уланууда

© Sputnik / Антон ДенисовЭс алуу борборундагы сауна. Архив
Эс алуу борборундагы сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн токтому менен эл көп чогулган жайлардын иши чектелди. Эми саламаттыкты чыңдоочу жайларга да кезек жетти.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Борбор калаада коронавирус кооптуулугунан улам коомдук жайлар жабыла баштады, алардын арасында мончолор да бар. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жогорудагыдай жайлардын ишин чектөө өкмөттүн токтомуна ылайык жасалууда. Эми ал чектөө ден соолукту чыңдоочу спорттук жайлар, спорттук секциялар, коомдук мончолор, сауна жана бассейндерге да тиешелүү болот.

Мындан сырткары, көңүл ачуучу жана балдар ойногон жайлар, интернет-клубдар, кинотеатр, музей, галереялар иштебейт.

Эгерде кафе, ресторандарда 50дөн ашык киши чогулса, ал дагы мыйзам бузган болуп эсептелет.

Коронавирус жана Кыргызстан

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Билим берүү министрлиги кайрылууларды онлайн кабыл алат
Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияда турат. Алардан башка 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0