00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сутуева: гемодиализ алуу үчүн 150 бейтап кезекте турат

© Sputnik / Асел СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева бир бейтап гемодиализ алып турушу үчүн жылына 600 миң сом керектелерин айтты.
Сутуева: гемодиализ алуу үчүн 150 бейтап кезекте турат

2010-жылдан баштап ар бир облустарда жасалма бөйрөк бөлүмдөрү ачылды. Аталган жабдуулар менен көп адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бул тууралуу Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстан радиосунун  таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туура эмес тамактануудан бир гана бөйрөк эмес, болгон ички органдар, жада калса мээ да жабыркайт.

"Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда бөйрөк оорулары жылдан-жылга көбөйүп жатат. Мунун негизги себептери кант диабетинин күчөп кетиши, илдеттин тукум кууганы, убагында медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндүк менен туура эмес тамактануу болуп саналат. Адамдын боору менен бөйрөгү ооруп калган учурда органдын клеткалары жабыркап, эч кыйнабай эле функциясы бузула берет. Алгачкы белгилери катары жүрөк айланышы мүмкүн. Союз мезгилинде адам жылына бир жолу толугу менен медициналык көзөмөлдөн өтүүгө милдеттүү болчу. Азыр ички жана тышкы миграциянын кесепетинен бул нерсе аткарылбай калды. Учурда ар бир адам өз ыктыяры менен барып дарыгерге текшерилиши керек. Мурдагыга караганда технология, медицина өнүккөн, абдан сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет бейтаптардын маселесин чечүүгө аракет кылып эле жатат. Өлкөдө азыр бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган 1512 киши акысыз гемодиализ кызматын алышат. Ар бир сеансы 4700 сом. Ал эми бир айга 60-70-миң сом сарпталат. Жылына бир бейтапка 600 миң сом керектелет", — деди Сутуева.

Ал эки бөйрөгү тең жарабай калып гемодиализ алууга муктаж болгон дагы 150 бейтап кезекте турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0