00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кудай сактасын, текшерилдик! Четке чыгып келген депутаттардын жообу видеодо

Жазылуу
Коронавирус кооптуулугу жаралгандан кийин Жогорку Кеңештин ондон ашуун депутаты иш-сапар менен Европа жана Араб өлкөлөрүнө барган. Бирок алар кайтып келгенде медициналык текшерүүдөн өткөнбү? Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул тууралуу сурап көрдү.

Депутаттардын баары эле аэропортко келгенден кийин тепловизор текшергенин билдирди. Эч ким карантинге алынган эмес, өз алдынча анализ тапшырбаганын айтышты. Ошондой эле алар барган учурда коронавирус анча жайыла электигин белгилешти.

Деген менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий билдирүүсү боюнча коронавирустун симптомдору 14 күндө билинет.

Бүгүн парламенттин жыйынында Дастан Бекешев коронавирустан улам ЖК депутаттарын чет өлкөгө чыгышына тыюу салууну төрагага сунуштады. Ал эми чет өлкөдөн келген кесиптештерин сөзсүз түрдө карантинге алууну талап кылды. Эл өкүлү Франция, Испания жана Ирандын депутаттары бири-бирине вирус жуктуруп жатканын эске салды.

Төмөндө депутаттар барган өлкөлөрдүн тизмеси:

29-30-январда депутаттар Дастан Бекешев, Абдимуктар Маматов жана Сайдулла Нышанов Франциянын Страсбург шаарына барган. Европада биринчи болуп 24-январда ушул өлкөдө коронавирус жуктургандар табылган. Учурда илдетке кабылган адамдардын саны 1784тү түзөт.

5-6-февраль күндөрү эл өкүлү Салайдин Айдаров Түштүк Кореянын борбору Сеулда жүргөн. Бул өлкөдө алгачкы факты 20-январда катталып, бүгүнкү күндө вирус жуктургандардын саны 7755ке жетти. Кыргызстан бул өлкөдөн келгендерди 25-февралдан тарта 14 күндүк карантинге ала баштады.

Манас аэропортундагы жүргүнчүлөрдү коронавируска текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга 15 өлкөдөн келгендер үй карантинине алынат
5-6-февралда вице-спикер Аида Касымалиева, 23-28-февралда Рыскелди Момбеков, Алмазбек Эргешов жана Марлен Маматалиев АКШга иш сапар менен барган. Бул жакта алгачкы учур 21-январда катталып, 1039 киши вирустан жабыркады.

17-20-февраль күндөрү төрага Дастан Жумабеков баштаган депутаттар Мирлан Бакиров, Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев, Абдимуктар Маматов Сауд Аравия менен Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) барышкан.

БАЭде биринчи учур 29-январда аныкталып, азыр 74 адам ооруп жатат. Ал эми Сауд Аравияда коронавирус 2-мартта табылып, ушу кезге чейин 20 адамга жукту.

20-21-январда Иса Өмүркулов, Каныбек Иманалиев, Бакыт Төрөбаев Австриянын Вена шаарына барып келишкен. Бул өлкөдө алгачкы учур 25-февралда катталган, азыркы тапта ооругандардын саны 206га жетти.

Белгилей кетсек, жогоруда аты аталган депутаттар расмий иш-сапар менен гана баргандар. Андан тышкары, ар кандай уюмдар же жеке жумуштары менен чет өлкөгө чыккандар да болушу мүмкүн.

Жыл башында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнө жайылып, 121 миң адамга жукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0