БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска анализ тапшырган жок. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришэм билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин коронавирус жуктуруп алган адам менен байланышкан эки конгрессмен өз каалоосу менен карантинге кетишкен. Конгрессмендер Трамп менен да байланышта болушкан.
"Президент коронавируска анализ тапшырган жок. Анткени ал COVID-19 вирусун жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар менен көп убакыт өткөргөн эмес. Ошондой эле президенттен оорунун эч кандай белгилери байкалган жок. Өлкө башчы мурдагыдай эле өзүн жакшы сезип жатат, дарыгери абалын көзөмөлдөөдө", — деди Гришэм.
Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.
Жалпысынан айтсак, дүйнө боюнча коронавируска кабылгандардын саны 113 754кө жетти. Алардын арасынан 4016сы көз жумуп, 63663 киши сакайып кетти.