Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: быйыл жаштар театры курулат

© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов айылдардагы маданият үйлөрү министрликке эмес, айыл өкмөттөрүнүн карамагында экенин айтты.
Жаманкулов: быйыл жаштар театры курулат

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры абдан начар абалда. Андыктан театр жамааты үчүн быйыл жаңы имарат куруу пландалган. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын эсебинен борбор калаада Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи, Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры жана Ош шаарындагы Бабур атындагы мамлекеттик академиялык музыкалык өзбек драма театрынын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтөт.

"Быйыл борбордогу Жаш көрүүчүлөр жана Куурчак театрларын, ошону менен бирге эле Көркөм сүрөт искусство музейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалган. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын абалы өтө начар болгондуктан жаңы имарат кошо курулат. Ошондой эле Оштогу Бабур атындагы театр да ремонттолот. Ушуну менен Бишкектеги жана экинчи борбор аталган Ош шаарындагы театрлар бүтүп, кийинки жылы облустук театрлардын имараттарын жакшыртууга киришебиз. Ал эми  айылдардагы маданият үйлөрү министрликке карабайт. Ал ошол жердеги айыл өкмөттөрдүн балансына кирет. Биз болгону саясатын жүргүзөбүз", — деди министр.

Ал айылдагы маданият үйлөрүнүн саясатын жүргүзүүдө буйрук берүүгө Маданият министрлигинин укугу жоктугун, келишимдик негизде гана иш алып барышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0