00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:12
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт Таласта коронавирус жуктургандар аныкталды деген билдирүүнү төгүндөдү

© Sputnik / Татьяна Меель / Медиабанкка өтүүАял медициналык маскачан эл аралык аэропортунда жүргөн убакытта. Архив
Аял медициналык маскачан эл аралык аэропортунда жүргөн убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактарда коронавирус менен ооругандар Покровкадагы ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өкмөт Таластын Манас районуна келген чет элдик жарандардан коронавирус аныкталды деп тарап жаткан билдирүүнү четке какты.

Соңку учурда социалдык тармактарда жана мессенжерлерде коронавирус менен ооруган Түркиянын жарандары Покровкадагы ооруканага жаткырылганы туурасында маалымат тараган.

"Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган адамдар аныкталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Аудио аркылуу жалган маалымат тараткан адам Манас районунун тургуну экени аныкталды. Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб элди дүрбөлөңгө түшүрүп, жалган билдирүүлөрдү жайылтпоого чакырат. Мамлекеттик органдардын расмий маалыматына гана ишениңиздер", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле штаб соода жана бизнес борборунун, супермаркеттин жана көңүл ачуучу жайлардын жетекчилерине кардарлардын саламаттыгына кам көрүп, аба тазалоочу жана дезинфекциялоо каражаттарын колдонууга чакырат.

Коронавирус тууралуу

вице-премьер Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү
Жыл башында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус тездик менен жайылып, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италияда күч алганы белгилүү болду. Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Ал эми Кытай менен чек аралар жабылып, авиакаттам токтотулган.

Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуштап, өздүк гигиенаны сактоого чакырууда. Көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.

Соңку маалыматка караганда, коронавируска кабылгандардын саны 102 180 кишиге жетти. Ал эми илдеттен сакайып чыккандардын саны — 57 389, көз жумгандар 3 491 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0