БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Казакстанда акысыз билим алууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, коңшу мамлекет 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн беш гранттык орун бөлгөн. Анын үчөө бакалавриат, экөө магистратура программалары.
"Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өздөрү тандайт. Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат", — деп жазылат билдирүүдө.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:
- арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- буга чейин алган билими тууралуу документтин көчүрмөсү;
- чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык маалым кат;
- ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык маалым кат;
- Флюорография;
- орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
- англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
- соттолбогондугу тууралуу маалым кат.
Министрлик толук эмес же документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген билдирмелер каралбай турганын эскертти.
Сынакка катышчулар документтерин Билим берүү жана илим министрлигине тапшырат. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257 (220-кабинет). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин кабыл алат.
Виджет news