00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
44 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
10:03
1 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын чыгарылыш. Жеңиш күнү
11:05
0 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:04
20 мин
К 81 годовщине Победы в Великой Отечественной войне
Трансляция Парада Победы на Красной Площади в Москве
13:00
0 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Праздничный эфир, посвященный 9 мая
14:04
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ачык кеп
Улуу Жеңиштин сырлары: тарых музейиндеги экспонаттар эмнени баяндайт
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дарыгердин айынан ВИЧ жуктурган балдарга компенсация төлөө сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДарыгердин айынан ВИЧ жуктурган балдарга компенсация төлөө сунушталды
Дарыгердин айынан ВИЧ жуктурган балдарга компенсация төлөө сунушталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13 жылдын аралыгында Кыргызстанда дарыгерлердин шалаакылыгынан 381 балага ВИЧ/СПИД жугуп, 45и каза болуп калган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ/СПИДге кабылган балдарга компенсация төлөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Аны депутат Дастан Бекешев демилгелеп, парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууга алып чыкты.

"Биз сунуштаган мыйзам долбоордун негиздемесинде 2005-2018-жылдар аралыгында республика боюнча ВИЧ инфекциясы бар 14 жашка чейинки 632 бала катталганы жазылган. Алардын ичинен 381 балага дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жугуп, 45и каза болуп калган. Ал эми 27си өлкөдөн чыгып кеткен. Диспансердик эсепте 309 бала турат", — деди Бекешев.

Ал ошондой эле прокуратуранын маалыматына ылайык, мындай фактылар боюнча 13 жылда (2005-2018-жылдары) 50 жазык иши козголгонун билдирди.

Экспресс-тестирование на ВИЧ в Казани - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кургак учук жана ВИЧ менен күрөшүү үчүн 26,4 млн. доллар бөлүндү
"Тергөөнүн натыйжасында 21 медицина кызматкерине карата ачылган төрт кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Мындан сырткары, бир дарыгер акталып, экөө соттолгон. Төртөө мунапысты колдонуп, алтоо арыз жазгандар менен жарашып жазадан кутулган. Сегиз дарыгерге карата иштин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу токтотулган. Ал эми 43 факт боюнча жазык иштери өндүрүштөн алынган", — деп мыйзам долбоордун негиздемесинде айтылат.

Жогорудагы статистикадан улам депутат медициналык кызматкерлер ВИЧ инфекциясын жугузганы үчүн тийиштүү жаза алган эмес деп эсептейт.

Аталган мыйзам долбоор кабыл алынса, ошол күнгө чейин жана кийин дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ/СПИДге кабылган балдардын ата-энесине 100 миң сом компенсация берилет. Ал үчүн бюджеттен 35 миллион сомго жакын каражат талап кылынат.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0