БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкектеги айдоочулук күбөлүк берген бөлүм башка дарекке көчкөнүн Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-марттан тарта аталган бөлүм Чокон Валиханов, 2 дареги боюнча иштей баштады. Буга чейин айдоочулар Ауэзов, 1/5 дарегине кайрылып келишкен.
Мамкаттоо жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.