БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында үч унаа кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, кечээ, 29-февралда, Mercedes-Benz кичи автобусу Honda Odyssey менен Toyota Mark II унааларын артынан келип коюп кеткен. Жабыркагандар болгон жок. Автокөлүктөр айып короого киргизилди.
Кырсыктан кийинки кадрлардан айдоочулар окуяга ЖКККББ кызматкерлерин күнөөлөп жатканын байкоого болот. Алардын айтымында, автоинспекторлор унааны туура эмес жерге токтотушкан. Мекеме болсо айыптоону четке какты.
"Кадрларда кызматкерлер эмне күнөө кылганы көрүнбөсө дагы Чүй облусунун ЖКККБнын жетекчиси аталган факт боюнча кызматтык иликтөө баштоону тапшырды. Кызматкерлердин күнөөсү болсо жазаланат", — дешти мекеменин маалымат кызматынан.
ЖКККББнын билдиришинче, болжолдуу маалыматтар боюнча жол кырсыгынын катышуучулары тиешелүү аралыкты сакташкан эмес. Мекеменин кызматкерлери унаа кырсыктары көп болгон жерде алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышкан. Ошондой эле автоинспекторлор окуя катталган жерден 100 метр аралыктан эле көрүнүп турганын кошумчалашты.