Блогер Элмир Сыдыманов үй камагына чыгарылды

Жазылуу
Блогерге карата Жазык кодексинин "Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкектик блогер Элмир Сыдыманов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдиришти.

"Бишкек шаардык соту Элмир Сыдымановду 28-февраль күнү үй камагына чыгарды", — деп айтылат билдирүүдө.

Насилие в Пекине - Sputnik Кыргызстан
"Үй камагы" деген эмне? Кыргызстандагы бөгөт коюу чараларынын түрү
Эске салсак, блогерге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Анын алкагында Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери 17-февралда шектүүнү кармап, тергөө кызматына алып келген. Андан соң Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Ал эми 19-февраль күнү Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 18-апрелге чейин тергөө абагында кармоо чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0